Эл аралык фестивалда ОшМУнун командасы 1-орунду ээледи

Башкы Жаңылыктар

Эл аралык фестивалда ОшМУнун командасы 1-орунду ээледи

Image

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия жана Эл аралык жогорку медициналык мектеби Кыргыз Республикасынын  мамлекеттик тили жѳнүндѳгү мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 32 жылдыгына карата «Кыргыз ырлары чет ѳлкѳлүк студенттердин аткаруусунда» аттуу эл аралык фестиваль ѳткѳрдү. Иш-чара 14-декабрда Бишкек шаарындагы Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өттү. 

Өлкөбүздөгү жогорку окуу жайларында окуп жаткан чет өлкөлүк студенттерден куралган  8 команда кыргыз улуттук ырларын ырдап, кыргыз улуттук бийлерин бийлешти.

Жыйынтыгында Ош мамлекеттик университетинин эл аралык медицина факультетинин студенттеринен куралган команда 1-орунду ээлеп, уюштуруучулар тарабынан кубок, диплом, баалуу белектер менен сыйланышты.

«Кыргыз ырлары чет ѳлкѳлүк студенттердин аткаруусунда» аттуу эл аралык фестивалдын өтмө кубогун КРдин Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы С.Мусаев ОшМУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору М.Шариповага тапшырды. 2022-жылы фестиваль ОшМУда уланат.

Иш-чара  мамлекеттик тилди жайылтуу, улуттар аралык мамилени чыңдоо максатында уюштурулду.