Окутуучулар билим берүүнүн заманбап усулдары боюнча курстан өтүштү

Башкы Жаңылыктар

Окутуучулар билим берүүнүн заманбап усулдары боюнча курстан өтүштү

Image

Ош мамлекеттик университетинин Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин Түрк тилдүү мамлекеттердин интеграциясы бөлүмүнүн профессордук-окутуучу курамы квалификацисын жогорулатуу курсунан өтүштү.

Алар ROOTS проектисинин FIRST программасы боюнча билим берүүнүн заманбап усулдарына багытталган квалификацияны жогорулатуу тренингин аякташты.

Бул тренинг окуучулардын жүрүм-турумун түп тамырынан өзгөртүүгө багытталган. Бул үчүн окутуучларга окутуунун заманбап, эффективдүү методдору үйрөтүлдү. Тренинг жалпы 72 сааттык көлөмдө болуп, үч бөлүктөн турат. Биринчи бөлүм “тренигге чейинки” деп аталып, онлайн форматта окутуучларга теориялык билимдер берилип, онлайн талкуулар жүргүзүлдү. Экинчи бөлүгү 4 офлайн форматта өтүлдү.

Азыркы учурда “тренингден кийинки” деп аталган үчүнчү бөлүгү уланууда. Бул бөлүктө окутуучулар тренингден үйрөнгөн жаңы окутуунун усулдарын сабактарында практика жүзүндө колдонууда жана ой пикирлерин онлайн форматта талкулап жатышат.

Тренингди 2017-жылы Малайзияда FIRST программасын окутуу боюнча атайын даярдыктан өтүп келген, “Өнүккөн келечек жаштары” коомдук фондунун тренери, экономика илимдеринин кандидаты, Түрк тилдүү мамлекеттердин интеграциясы бөлүмүнүн доценти Тыныбек Наралиев өттү. Жыйынтыгында катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.

Фото галерея