Педагогика кафедрасында илимий-методикалык конференция өттү

Башкы Жаңылыктар

Педагогика кафедрасында илимий-методикалык конференция өттү

Image

ОшМУнун педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин педагогика кафедрасынын башчысы, доцент Гулмира Жутанова тарабынан 16-декабрда 2020-жылдын 9-июнундагы кафедранын отурумунун №9 протоколунда бекитилген автордук “Өз алдынча иштердин өзгөчө жүрүшү илимий-методикалык долбоорунун” алкагында “Окутуу процессинде студенттердин өз алдынчалуулук ишмердүүлүгүн уюштуруу аркылуу креативдүүлүк компетенттүүлүгүн калыптандыруу” аттуу илимий-методикалык конференция уюштурулду.

Конференцияга Лейлек районун №3 эскперменталдык гимназиясынын директору, педагогика кафедрасынын доценти Г.Мадаминов, педагогика кафедрасынын жооптуу адистер, факультеттин студенттери, аспиранттар, МИТ факультетинин магистранттары,  окутуучулар катышышты.

 Иш-чаранын алкагында жумушчу программа, силлабус боюнча студенттердин өз алдынча иштерин аткарылышын жана тапшырылышын талкууланып, кеп-кеңештер берилди. Активдүү катышкан студенттерге уюштуруучулардын Ардак грамоталары тапшырылды. Конференция онлайн жана офлайн форматында орун алды.

Фото галерея