STEM инновациялык колледжинин делегациясы Кастамону университетинде болушту

Башкы Жаңылыктар

STEM инновациялык колледжинин делегациясы Кастамону университетинде болушту

Image

Ош мамлекеттик университетинин STEM инновациялык колледжинин директору Бегайым Абдылакимова, директордун эл аралык байланыштар боюнча орун басары Самат Жолборсов жана студент Нуралы уулу Омаржан Турциянын Кастамону университетинде иш сапарда болуп келишти.

Делегация Кастамону университетинин эл аралык байланыштар боюнча координатору Хафефе Боздемир Юзбашиугли менен жолугушуп кызматташуу алкагындагы иш аракеттер боюнча пикир алышты. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында 2022-жылдын жаз айларында STEM инновациялык колледжинин көргөзмөсүн уюштурууну пландаштырышты.

Кастамону университетинде Ч. Айтматовдун 93 жылдыгына арналып уюштурулган иш-чарага да катышышты. Колледждин 1-курсунун студенти  Нуралы уулу Омаржан кечеде кыргыздын күүлөрүн чертип, окуу жайдын ыраазычылык катына ээ болду.

Иш-сапардын алкагында Кастамону университетинде билим алып жаткан Кыргызстандык студенттер жолугуп, пикир алышты.

Фото галерея