Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин деканынын милдетин аткаруучу кызматына ф.и.к. Рахат Сагындыкова дайындалды

Башкы Жаңылыктар

Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин деканынын милдетин аткаруучу кызматына ф.и.к. Рахат Сагындыкова дайындалды

Image

ОшМУнун дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин деканы, ф.и.к., доцент Сабыркуль Калыгулова 23-декабрда ден соолугуна байланыштуу декандык кызмат ордун мөөнөтүнөн мурда тапшырып берди. Бул тууралуу ректордун тиешелүү буйругу чыкты. Дагы бир буйрукка ылайык аталган факультеттин англис тилин окутуунун методикасы кафедрасынын доценти, ф.и.к. Рахат Сагындыкова Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин деканынын милдетин аткаруучу кызматына дайындалды.

ОшМУнун ректоратынын мүчөлөрү доцент Сабыркуль Калыгуловага ыраазычылык билдирип, факультетти жетектеп турган учурда окуу, тарбия, илимий багыттагы иштерди дайыма жогорку деңгээлде уюштуруп келгендигин баса белгилеп, мындан ары да иштеринде ийгиликтерди каалады.