“Педталанттуу студент – кечээ, бүгүн, эртең” деген аталыштагы тарбиялык-методикалык конференция өттү

Башкы Жаңылыктар

“Педталанттуу студент – кечээ, бүгүн, эртең” деген аталыштагы тарбиялык-методикалык конференция өттү

Image

ОшМУнун педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин педагогика кафедрасынын башчысы, доцент Гулмира Жутанова тарабынан 22-декабрда Президенттин «Инсандык руханий адеп-ахлактык  өнүгүүсү  жана дене тарбиясы жөнүндөгү жарлыгына ылайык “Педталанттуу студент – кечээ, бүгүн, эртең” деген аталыштагы тарбиялык-методикалык конференция уюштурулду.

Конференцияга буга чейин педагогика кафедрасы тарабынан уюштурулган  “Педталанттуу студент” номинацияларынын жеңүүчүлөрү конок катттары чакырылды. Алар КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепке чейинки билим берүү жана мектепке даярдоо башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымова, х.и.к., PhD, “ОшМУнун Жарчысы” журналынын жооптуу редактору Жыпаргуль Абдуллаева, №18 Алишер Новои атындагы мектеп-лицейинин директору Жоомарт Акматов, Математика жана информациялык технологиялар факультетинин магистранты, КМШнын мыкты студенти Зинат Исраилбекова жана Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин студенти, 2021-жылдагы Президенттик стипендиянын ээси Айсулуу Базарбековалар конференцияда  билим берүүдөгү жетишкен ийгиликтери, педагогикадан алган билимдеринин тийгизген таасирлери менен бөлүшүштү.

“Конференциянын негизги максаты коомчулукту агартууда, келечекте өсүп келе жаткан жаш муундарга  натыйжага негизделген максаттар менен таалим-тарбия берип, жашоо тиричилигинде жаралган ар түрдүү көйгөйлөрдү чече ала турган маселелерди окутуп ык-машыгуу, көндүмдөргө ээ кылып, жүрөгүнөн баланы сүйүп, анын тагдыры жөнүндө ойлонуп, түйшөлгөн мугалимдин беделин көтөрүү менен анын коомдогу  орду жана устаз-шакирт маселелерин аныктоо болуп саналат”, -дейт иш-чаранын уюштуруучусу, педагогика кафедрасынын башчысы, доцент Гулмира Жутанова.

2000-жылдан бери педагогика кафедрасы “Педталанттуу студент – кечээ, бүгүн, эртең” аталыштагы тарбиялык-методикалык долбоордун алкагында илимий, методикалык, тарбиялык ишмердүүлүктөрдү үзгүлтүксүз өткөрүп келет.

 

Фото галерея