ОшМУда жылдын мыкты студенттери сыйланды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда жылдын мыкты студенттери сыйланды

Image

ОшМУда 23-декабрда “Жылдын мыкты студенттери – 2021” сыйлоо аземи өттү. Салтанатта окуу жайдагы билим берүү, илим жаатында ийгилик жараткан жана маданий-коомдук иш-чараларга активдүү катышкан алдыңкы студенттер сыйланды.

Ректор Кудайберди Кожобеков иш-чарада 2021-жылы президенттик стипендияга ээ болгон Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин студенти  Абиев Кадырбекке, Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин студенти Айсулуу Базарбековага,  Эл аралык билим берүү  программаларынын жогорку мектебинин студенти Болот кызы Айкеримге,  Кыргыз-кытай факультетинин студенти  Жумагүл Мусабековага, Физика-техника факультетинин студенти Тажибай уулу Талгатбекке, Чыгыш таануу жана тарых факультетинин студенти Ырысбек кызы  Нурканга сыйлыктарды тапшырды. Ошондой эле узап бараткан жылы   “Атуулдук стипендияга” ээ болгон 10 студентке жана факультеттерден эң мыкты деп тандалып алынган 50дөн ашуун  студенттерге ОшМУнун Ардак громаталарын ыйгарды. Окуу жай жетекчиси 2021- жылы республикалык, эл аралык деңгээлде ийгилик жараткан студенттердин окууларына ийгилик каалап, мындан ары да билим берүү, илим жаатында чыгармачылык изденүүлөрдү, жетишкендиктерди каалап, алдыга умтулган, демилгечил, креативдүү студенттерге университет тарабынан дайыма колдоо көрсөтүлөрүн айтты. Келечекте ОшМУда “Атуулдук стипендиянттар” ассоциациясын түзүү сунушун билдирди.

Иш-чарада факультеттер арасында өткөрүлгөн “Тамашоу” маанайшат оюнунда жеңүүчү болгон Математика жана информациялык технологиялар факультетинин студенттерине кубок жана 25 000 сом, 2-орунду ээлеген Индустриялдык-педогогикалык коледжинин командасына 20 000 сом, 3-орунду ээлеген Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин командасына 15 000 сом акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Фото галерея