Ректор Алим Йылдыз Өзгөн күрүчүнөн даярдалган палоого баа берди

Башкы Жаңылыктар

Ректор Алим Йылдыз Өзгөн күрүчүнөн даярдалган палоого баа берди

Image

Туркиянын Сивас Жумхуриет университетинде академиялык мобилдүүлүктө жүргөн студенттер университеттин ректору Алим Йылдызга Өзгөн күрүчүнөн аш демдеп беришти.

Студенттер өздөрүнүн аймагына гана таандык болгон кыргыз палоосун жасап, ректор Алим Йылдызды жана жергиликтүү студенттерди чакырышты. Мында билим алуучулар ректор Алим Йылдызга кыргыз палоосунун жасалышы жана кантип пайда болгондугу тууралуу маалымат беришти.

Ошондой эле ректор студенттер менен баарлашып, эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди.

Учурда Сивас Жумхуриет университетинде академиялык мобилдүүлүк боюнча ОшМУнун 24 студенти билим алууда. Эки окуу жайдын ортосунда кызматташуу боюнча келишимге өткөн жылы кол коюлган.

Фото галерея