Эл аралык медицина факультетинин деканынын милдетин аткаруучу дайындалды

Башкы Жаңылыктар

Эл аралык медицина факультетинин деканынын милдетин аткаруучу дайындалды

Image

ОшМУнун эл аралык медицина факультетинин деканы, медицина илимдеринин доктору, профессор Жаныбек Муратов  25-декабрда өз каалоосу менен жазган арызына байланыштуу декандык кызмат ордун мөөнөтүнөн мурда тапшырып берди. Бул тууралуу ректордун тиешелүү буйругу чыкты. Дагы бир буйрукка ылайык аталган факультеттин деканынын милдетин аткаруучу кызматына медицина илимдеринин доктору, профессор Роман Калматов дайындалды.

ОшМУнун ректоратынын мүчөлөрү медицина илимдеринин доктору, профессор Жаныбек Муратовго ыраазычылык билдирип, факультетти жетектеп турган учурда окуу, тарбия, илимий багыттагы иштерди дайыма жогорку деңгээлде уюштуруп келгендигин баса белгилеп, мындан ары да иштеринде ийгиликтерди каалады.