Ректор студенттик жатаканалардан кабар алды

Башкы Жаңылыктар

Ректор студенттик жатаканалардан кабар алды

Image

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков окуу жайдын №1, №3 студенттик жатканаларында болду. Жаны жыл алдында студенттерден кабар алган окуу жай жетекчиси университетте бир жыл аралыгында жасалган алгылыктуу иштер боюнча маалымат берди. Студенттер тарабынан даярдалган  майрамдык кечелерге катышты.

№3 жатаканада ачылган студенттик китепкананын түптөөчүлөрү, Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин студенттери Элена Кубанычбекова, Шахида Урулбаева жана Давлетова Алияга окуу жайдын атынан ыраазычылык каттар тапшырылды. Студенттердин  демилгеси менен ачылган китепкананын  алкагында “Бир адамдан бир китеп” долбоору ишке ашкан. Учурда китепкана 100дөн ашуун китеп менен толукталган.

№1, №3 студенттик жатканаларына ректор жаны жылдык белек катары автоматтык кир жуугуч машиналарды да  тапшырды.

Фото галерея