Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жаңы жылдык балаты майрамы ОшМУда өттү

Башкы Жаңылыктар

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жаңы жылдык балаты майрамы ОшМУда өттү

Image

Балаты майрамына Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, орун басары Данияр Жаныкулов жана Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков катышты.

Майрамдык салтанатка Ош облусунун аймагынан келген мектепте эң мыкты окуган окуучулар, эл аралык сынактардын, олимпиадалардын, турнирлердин  жеңүүчүлөрү, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жана жардамга муктаж  170 бала келди. Балаты майрамы театрлаштырылган оюн-зоок программалар менен коштолду.

Кечеге келген ар бир балага Президенттин жана Ош обулусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн майрамдык белектери тартууланды. Ошондой эле аяз атага кат жазган жардамга муктаж 15 баланын тилеги орундалды.

 

Фото галерея