ОшМУнун студенти “КАДАСТР” мамлекеттик мекемесинин ардак грамотасы менен сыйланды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун студенти “КАДАСТР” мамлекеттик мекемесинин ардак грамотасы менен сыйланды

Image

Ош мамлекеттик университетинин Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин Түрк тилдүү мамлекеттердин интеграциясы бөлүмүнүн Программалоо инженериясы адистигинин студенти Исхак Алтымышев “КАДАСТР” мамлекеттик мекемесинин ардак грамотасы менен сыйланды.
Студент КАДАСТР” мамлекеттик мекемесине чоң көлөмдөгү маалымат базасын автоматташтыруучу SQL скрипт түздү. Бул скриптин жардамы менен өтө чоң көлөмдөгү маалыматтарды бат жана оңой иштеп чыкса болот.
Мындан сырткары, ушул эле бөлүмдүн окутуучусу Тынчтыкбек Асилбеков студенттерди мыкты деңгээлде даярдагандыгы үчүн ыраазычылык баракчасы менен сыйланды.