Окутуучу Тынчтыкбек Асилбеков 2 сыйлыкка татыды

Башкы Жаңылыктар

Окутуучу Тынчтыкбек Асилбеков 2 сыйлыкка татыды

Image

Ош мамлекеттик университетинин Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин Түрк тилдүү мамлекеттердин интеграциясы бөлүмүнүн окутуучусу Тынчтыкбек Асилбеков Ош шаарынын мэриясынын жана Ош шаардык кеңешинин ардак грамотасы менен сыйланды.
Ардак грамота Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон бараандуу салымы, ак ниет эмгеги, шаардын коомдук-саясий турмушуна активдүү катышкандыгы жана 2021- жылдагы жогорку көрсөткүчтөрү, IT тармагындагы кызматташтыгы үчүн берилди.
Буга чейин Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов жана Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков меморандумга кол койгон.Меморандумда Ош шаардык мэриясы менен Ош мамлекеттик университетинин ортосунда  социалдык тармактагы долбоорлорду ишке ашыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар менен бөлүшүү, санариптик инфратүзүмдөрдү пайдаланууда маалыматтар менен бөлүшүү, тажрыйбалуу кадрларды жөнөтүү менен жаңы долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшүү жана кадрларды даярдоо боюнча тажрыйба алмашуу каралган.  
Окутуучу Тынчтыкбек Асилбеков жогорудагы меморандумдун негизинде Ош шаардык мэриясына IT тармагы боюнча көмөк көрсөткөн.

Фото галерея