ОшМУда иш кагаздарын туура түзүү боюнча сабак-семинар башталды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда иш кагаздарын туура түзүү боюнча сабак-семинар башталды

Image

Ош мамлекеттик университетинин мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору  М. Шарипованын демилгеси менен иш кагаздарын туура түзүү боюнча 4 күндүк сабак-семинар башталды.

Сабак-семинар 11-январдан 14-январга чейин уланат. Алгачкы окутуу 11-январда окуу жайдын жалпы бөлүмүнүн жана кадрлар бөлүмүнүн кызматкерлери үчүн уюштурулду. Семинардын жүрүшүндө катышуучулар орфографиялык сөздөрдүн туура жазылышы боюнча маалымат алышып, сөздүк жат жазуу жазышты, ошондой эле иш кагаздарын туура түзүү талаптары боюнча презентацияларды жасашты.  

Ушундай эле сабак-семинарлар 12-январында университеттин бардык структуралык бөлүмдөрүндөгү Окумуштуулар Кеңешинин катчылары үчүн, 13-январда бардык структуралык бөлүмдөрүндөгү методисттер үчүн, 14-январда ректораттагы, деканаттардагы катчы-референттер, кафедралардагы лаборанттар үчүн уюштурулат.

Фото галерея