Эл аралык медицина факультетинин бүтүрүүчүлөрү Индияда сынактарды жогорку балга тапшырды

Башкы Жаңылыктар

Эл аралык медицина факультетинин бүтүрүүчүлөрү Индияда сынактарды жогорку балга тапшырды

Image

Эл аралык медицина факультетин 2021-жылдагы 162 бүтүрүүчүсү Индиянын FMGE сынагын(чет өлкөдө медицина багытын бүтүргөндөр үчүн экзамен) ийгиликтүү тапшырышты.
Индиянын Медициналык Кеңешинин FMGE экзамендери татаал болуп эсептелинет. Өлкөнүн жарандары эгер башка чет өлкөдө медициналык билим алган болсо, FMGE экзамендерин тапшырып, сынактан өтмөйүнчө жумушка кирүүгө, дарыгер болуп иштөөгө уруксат берилбейт. Сынак чет өлкөлүк дипломду тастыктоо үчүн да өткөрүлөт.
Эл аралык медицина факультети  студенттерге системалуу жана заманбап медициналык билимди, клиникалык кырдаалдарды чечүү үчүн алгоритмдерди иштеп чыгууну, клиникалык тапшырмаларды деталдуу талдоону жана расмий эл аралык сынакка кылдат даярданууга бардык шарттарды түзүү менен заманбап билим берүүгө багытталган.  
Эл аралык медицина факультети 2015-жылдын 29-августунда Ош Мамлекеттик Университетинин Окумуштуулар Кеңешинин чечиминин негизинде ачылган. Учуда факультетте дарылоо иши, коомдук саламаттыкты сактоо багыттары боюнча жакынкы жана алыскы чет өлкөлүк жарандарга медициналык билим берилет.

Фото галерея