Р. Арапбаев илимий иштер боюнча проректор кызматына которулду

Башкы Жаңылыктар

Р. Арапбаев илимий иштер боюнча проректор кызматына которулду

Image

Ош мамлекеттик университетинин окуу-информациялык департаментинин директору Руслан Арапбаев ОшМУнун илимий иштер боюнча проректору кызмат ордуна которулду.

Ал эми Эл аралык медицина факультетинин деканынын окуу иштери боюнча орун басары, патология, базистик жана клиникалык фармакология кафедрасынын доценти Ибрагим Атабаев ОшМУнун окуу-информациялык департаментинин директору кызмат ордуна которулду. Буйрук менен ректор Кудайберди Кожобеков 14-январда окуу жайдын административдик кеңешинде тааныштырды.

 ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору  Замирбек Божонов илимий иштер боюнча проректорду жана окуу-информациялык департаментинин директорун кызмат орундарында жамаат менен тааныштырды.

Фото галерея