Педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин деканынын милдетин аткаруучу болуп Чынаркан Гапарова дайындалды

Башкы Жаңылыктар

Педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин деканынын милдетин аткаруучу болуп Чынаркан Гапарова дайындалды

Image

Педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин деканы мөөнөтүнөн мурда кызматтан кеткенине байланыштуу, 2021-жылдын 6-ноябрынан баштап факультеттин деканынын милдетин аткаруучу жана декандын окуу иштери боюнча орун басарлык кызматын Алмазбек Казибеков аркалап келген.

Учурда факультеттеги студенттердин саны 4 миңден ашуун, ал эми профессордук-окутуучулук курам менен кызматкерлердин саны 200гө жакын. Факультеттин эки кызматтык ордун бир адамдын жетектөөсү окуу, тарбия, илим жана башка  багыттардагы иштерди, сессияны үзгүлтүккө учуратпоосунун алдын алуу үчүн ректордун буйругу чыкты.

Ага ылайык “Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайынын факультети жөнүндө” жобосунун 10-11-пункттарына ылайык  2021-жылдын 6-ноябрындагы буйругунун 2-пункту жокко чыгарылды. 2022-жылдын 15-январынан тарта Педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин деканынын милдетин аткаруучу болуп Чынаркан Гапарова дайындалды.

Фото галерея