ОшМУда атайын комиссия мониторинг жүргүздү

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда атайын комиссия мониторинг жүргүздү

Image

ОшМУда атайын комиссия профессордук-окутуучулук курамдын жекече иш пландарынын аткарылышына жана 2020-2021-окуу жылында жумушка кабыл алынган окутуучулардын кесиптик компетенттүүлүгүнө баа берип, мониторинг жүргүздү. 11-январдан 17 –январга чейинки аралыкта Финансы-юридикалык колледжинде өттү.

Финансы-юридикалык колледжи  7 орто билим берүү программасы боюнча даярдоо жүргүзөт. Бул багытта комиссия жекече иш пландарды эстеткичке ылайык текшерүүдөн өткөрүп,  2020-2021-жылдары жумушка кабыл алынган окутуучулардын сабактарына катышып, анализ берди. Мындан сырткары колледждин студенттеринен, билим алуунун сапатына канааттангандыгы тууралуу анонимдүү сурамжылоо алышты.

 Текшерүүнүн жыйынтыгында комиссия  колледждин профессордук-окутуучулук курамын текшерүүнүн, мониторингдин жыйынтыктары менен тааныштырды.

Фото галерея