19 студент жазгы семестрди Туркиядан окуйт

Башкы Жаңылыктар

19 студент жазгы семестрди Туркиядан окуйт

Image

Туркиянын Сивас Жумхурийет университетине 2021-2022-окуу жылынын жазгы семестри үчүн академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча ОшМУнун  19  студенти билим алууга жөнөштү.Алар Математика жана информациялык технологиялар, Дүйнөлүк тилдер жана маданият, Эл аралык мамилелер, Искусство факультеттери жана Эл аралык билим берүү программалар жогорку мектебинин студенттери .
Студенттер менен ректор Кудайберди Кожобеков жолугуп,  аларга ийгилик каалоо менен  жакшы билим алып келүүгө чакырды. Буга чейин Сивас Жумхуриет университетинде академиялык мобилдүүлүк боюнча университеттин 24 студенти окуп келишкен. ОшМУ тараптан координатор, Эл аралык билим берүү программалары жогорку мектебинин түрк   мамлекеттердин интеграциясы бөлүмүнүн улук окутуучусу туризм жана мейманкана ишмердүүлүгү боюнча PhD доктор Айнура Кулназарова  мобилдүүлүк боюнча иш-аракеттерди уюштуруп келет. 

Алмашып окуу ОшМУ жана Сивас Жумхурийет университетинин ортосундагы эки тараптуу келишимдердин алкагында ишке ашууда. Эки окуу жайдын ортосунда кызматташуу боюнча келишимге 2020-жылы кол коюлган. 

 

Фото галерея