ОшМУда «Инновациялык агро борбор» ачылды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда «Инновациялык агро борбор» ачылды

Image

Бизнес жана менеджмент факультетинде Европа Биримдигинин Өкүлчүлүгү тарабынан каржыланып,  “Энактас Кыргызстан” тарабынан ишке ашырылган «Жаш Табышкер» долбоорунун «Инновациялык агро борбору» ачылды.

ОшМУнун студенттери  жана Ош шаарынын тургундары үчүн сунушталып жаткан борбор мультимедиалык жана креативдүү мейкиндик катары билим берүү жана көңүл ачуу багытындагы иш-чараларды өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Борбордун ачылыш аземине Энактас Кыргызстандын, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын жана жарандык коомдун өкүлдөрү, окуу жайдын жамааты катышты.

 Келечекте борбор айыл-чарба, билим берүү жана бизнес багытындагы даяр чечимдерди сыноо жана ишке киргизүү үчүн аянтча болуп калат.

Иш-чаранын алкагында ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков жана “Энактас Кыргызстан” уюмунун жетекчиси Гульбарчын Суюнова ишкердикти колдоо багытындагы жаңы долдоорлорду ишке ашыруу максатын көздөгөн келишимге кол койду.

“Энактас кыймылы бизнес жана экономикалык, социалдык, экологиялык багыттагы  долбоорлорду ишке ашырып келет. Борбордун башкы максаты айыл чарбасы менен алектенгендерге көмөк көрсөтүү, бул багытта жаңы долбоорлорду алып чыгып, ишке ашыруу болуп саналат”,- дейт ОшМУнун “Энактас” командасынын эдвайзери Эрлан Камалов.

Фото галерея