Билим берүү жана санариптештирүү: илимий кадрларды даярдоонун негизги пайдубалы

Башкы Жаңылыктар

Билим берүү жана санариптештирүү: илимий кадрларды даярдоонун негизги пайдубалы

Image

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, Борбор Азиядагы Гуманитардык изилдөөлөр Борбору жана Борбор Азиядагы Конрад Аденауэр атындагы Фонду менен биргеликте Бишкекте өтүп жаткан илимий-практикалык конференцияга ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков да катышты. 
Илимий-практикалык конференцияда билим берүү тармагын толук кандуу санариптештирүү аркылуу  жогорку потенциалдуу илимий кадрларды даярдоо  маселелери талкууланып, сунуштар айтылды.
Конференцияда ректор Кудайберди Кожобеков«Өнөр-жайы менен илимий-изилдөө жаатындагы кызматташуу: университет 4.0 моделинин негизги компоненти катары» аталышындагы илимий баядама жасады.
Аталган иш-чарага  Кыргыз Республикасынын  мамлекеттик катчысы Сүйүнбек  Касмамбетов  Кыргыз Республикасынын  Президентинин кенешчиси Бекбосун Борубашов ,  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары  Эдиль Байсалов катышты.

Фото галерея