ОшМУ Кореянын алдыңкы университети менен кызматташат

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ Кореянын алдыңкы университети менен кызматташат

Image

Кореянын Кёнгил университетинин эл аралык ишмердүүлүк борборунун кызматкери Ли Чанг Хун ОшМУга иш сапары менен келди. Аны ректор Кудайберди Кожобеков кабыл алып, эки тараптуу кызматташуунун перспективалык пландарын талкуулашты. 
Ыктыярчыларды жиберүү жана кабыл алуу, окутуучуларды квалификацияны жогорулатуу курстарынан жана стажировкадан өткөрүүгө шарттарды түзүү, Кореяга тил үйрөнүү курстарына студенттерди жөнөтүү, Кёнгил университетине корей тили багытында окуган студенттерди гана эмес, башка адистиктердин студенттерин да жиберүү,биргелешкен билим берүү жана кош дипломдуулук программаларын иштеп чыгуу. 
Чанг Хун мырза жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, сунуштарды колдой тургандыгын айтып, өзү иштеген университеттин стипендиялык программаларына жана бюджеттик орундарына ОшМУнун студенттерин катыштырууга аракет жасай тургандыгын кошумчалады.
Кёнгил университети 1963-жылы негизделген. Өлкө рейтингинде 269 окуу жайдын ичинен Сеул улуттук университетинен кийинки 11-орунда турат. Учурда ОшМУ менен эки тараптуу кызматташуу келишимине кол коюу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Фото галерея