ОшМУ менен ЖАМУнун кызматташтыгы

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ менен ЖАМУнун кызматташтыгы

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин колледжинин дене тарбия кафедрасынын адистери 5-февралда ОшМУга келишти. Эки тараптуу кызматташуу алакаларын бекемдөөнү максат кылган делегация Табият таануу жана география факультетинин спорттук аянтчасында  волейбол, стол тенниси, стритбол жана кичи футбол боюнча достук мелдештерин өткөрдү. Мелдештерден сырткары адистер ортосунда окуу-методикалык багыттагы  пикир алмашуу болду.

“Жалал-Абад мамлекеттик университетинин колледжинин дене тарбия кафедрасында эмгектенген 25 окутуучу бизге тажрыйба алмашуу багытында келишти. Кесиптештер менен биргеликте кызматташтык маселелери, онлайн жана кадимки  сабактарды уюштуруудагы жаңыча усулдар тууралуу пикир алышып, ойлорубузду ортого салдык. Мелдеште мыкты оюн көрсөткөн командаларга, оюнчуларга диплом, ыраазычылык каттар тапшырылды”,-деди № 2 дене тарбия кафедрасынын башчысы Бакытбек  Кулуев. 

ОшМУ менен Жалал-Абад мамлекеттик  университетинин ортосунда 2021-жылдын 2-июнунда эки тараптуу  кызматташуу боюнча меморандумга  кол коюлган.

Фото галерея