Орусиянын ири ЖОЖдоруна тапшыруу боюнча маалымат жыйыны болду

Башкы Жаңылыктар

Орусиянын ири ЖОЖдоруна тапшыруу боюнча маалымат жыйыны болду

Image

Университетте «ПИТЕРВУЗ» Евразиялык кызматташтык агенттигинин  директору Данияр Асеналханов кесипке багыт берүү боюнча жолугушуу  өткөрдү.Жолугушууга Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова,  ректор  Кудайберди Кожобеков, жогорку окуу жайлардын ректорлору,  мектеп директорлору катышты.
Ректор Кудайберди Кожобеков  ЖОЖдор менен кызматташуунун актуалдуулугун белгиледи.Ошондой эле  Ош менен Санкт-Петербургдун университеттери, Ош облусунун бүтүрүүчүлөрү үчүн Россиянын түндүк борборунун жогорку окуу жайларына кабыл алуу жана билим алуу  мүмкүнчүлүктөрү  боюнча маалыматтар берилди. 
Санкт-Петербург университеттеринин Борбор Азиядагы расмий өкүлү  Данияр Асеналханов  5 жылдан бери Бишкек шаарындагы ЖОЖдор жана мектептер менен кызматташуудан кийин агенттик өз ишин Ош облусунан баштап жатканын билдирди. 
Данияр Асеналханов  кесипке багыт берүү презентациясын жасап, анда ал Орусиянын эң ири университети – Россиянын Эл чарба жана мамлекеттик башкаруу академиясы (РАНХ жана ГС) жана  Россиянын Эл чарба жана мамлекеттик башкаруу академиясынын Түндүк-Батыш Башкаруу институтунун ишмердүүлүгү менен тааныштырып,  андагы адистиктер  жана билим берүү программалары, кабыл алуу жана окуу шарттары тууралуу маалымат берди. 
Ош шаарынын жана облусунун  мектеп бүтүрүүчүлөрү  Санкт-Петербургдагы жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү тарабынан уюштурула турган кабыл алуу сынактарына катышып, ийгиликтүү тапшыруу  менен  бюджеттик окуу жайларына өтө алышат.

Фото галерея