IT технология жаатында окуу курсу башталды

Башкы Жаңылыктар

IT технология жаатында окуу курсу башталды

Image

ОшМУда окутуучулар “Тетиктерди 3 D моделдөө жана жумушчу чиймелерди иштеп чыгуу” боюнча окуу курсунан өтүп жатышат. Курстyн угуучулары  КОМПАС- 3D программасы менен таанышуу, 3D моделдөө, 3D чогултуу темаларын өздөштүрүшөт жана үч өлчөмдүү моделдөө тармагында теориялык билимге жана практикалык көндүмдөргө, КОМПАС- 3D системасында долбоордук документтерди даярдоого ээ болушат.

Окуу курсуна  окуу жайдагы IT технология жаатында билим берген 25 окутуучу катышууда, аларга курстан кийин 32 сааттык сертификаттар тапшырылат.

Курс математика жана информациялык технологиялар факультетинин автоматташтырылган системалар жана санариптик технология кафедрасынын башчысы Улар Молдояров тарабынан уюштурулган.

Фото галерея