Наманган инженердик-технологиялык институту менен байланыш түзүлдү

Башкы Жаңылыктар

Наманган инженердик-технологиялык институту менен байланыш түзүлдү

Image

Университеттин Искусство факультетинин деканы Нурабидин Маразыков баштаган делегация мүчөлөрү эл аралык кызматташтыктын алкагында Наманган инженердик-технологиялык институтуна барышты.

Конокторду жеңил өнөр жай технологиясы факультетинин деканы Жамолиддин Эргашев кабыл алды. Расмий диалогдун жүрүшүндө эки жогорку окуу жайдын факультеттеринин ортосундагы өз ара байланышты мындан ары чыңдоо маселелери талкууланды.

Биргелешкен илимий конференцияларды уюштуруу, профессордук-окутуучулук курамды жана студенттерди алмашуу программаларын активдүү ишке ашыруу боюнча макулдашууга жетишилди.

Фото галерея