ОшМУда Корей тили жана маданияты борбору ачылды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда Корей тили жана маданияты борбору ачылды

Image

Бишкектеги Түштүк Корея Республикасынын билим берүү борборунун директору Ким Дэ Гван жана ОшМУнун эл аралык байланыштар департаментинин директору Абдыганы  Абдувалиевдин катышуусунда корей тили жана маданияты борбору  ачылды.

Борбор студенттердин корей тилин, корей  маданиятын, кыргыз тили менен корей тилинин окшоштук, өзгөчөлүктөрүн изилдөөгө ылайыкташкан бардык техникалык каражаттар жана 1500дөн  ашуун адабияттар менен  камсыздалат.

Түштүк Кореянын билим берүү борборунун директору  Ким Дэ Гван дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинде корей тили адистигинде билим алып жаткан студенттерге Корей Өкмөтүнүн I семестрдеги окуунун жыйынтыктары боюнча 400 доллардан стипендия тапшырды. Корей Өкмөтү тарабынан корей тилин жана маданиятын тереңдетип окутуу үчүн атайын адис да тартылган. Окутуучу Кан Джиен ОшМУда 1 жыл аралыгында  студенттерге билим берет.

Корей тили адистигинде билим алып жаткан студенттер 2-курстан тартып академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Түштүк Кореянын жогорку окуу жайларынан I семестр окуп келүү мүмкүнчүлүгүнө да  ээ.

Фото галерея