Көп тилдүүлүк программасы боюнча ток-шоу уюштурулду

Башкы Жаңылыктар

Көп тилдүүлүк программасы боюнча ток-шоу уюштурулду

Image

ОшМУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Мастура Шарипованын демилгеси менен 14-февралда  "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясында "Көп тилдүүлүк, көп маданияттуулук -  өнүгүүнүн жана достуктун символу" деген аталышта  ток-шоу өткөрүлдү.

 Иш-чарага пилоттук факультеттердин адис окутуучулары, Ош шаарындагы  №39 мектептин мугалимдери, окуучулар жана студенттер, эл аралык медицина, Кыргыз-кытай, дүйнөлүк тилдер жана маданият  факультеттерине келип билим берип жаткан волонтер окутуучулар катышты.

Иш-чара  ОшМУда пилоттук факультеттерде көп тилдүүлүк программасын ишке ашыруу, өндүрүш тармагында системалуу иш алып барууну жолго коюу максатында уюштурулду. Аталган иш-чара жакынкы аралыкта ОшМУда онлайн конференция менен уланат.

Фото галерея