Фейсбукта “ОшМУнун бүтүрүүчүлөрү” баракчасы иштей баштады

Башкы Жаңылыктар

Фейсбукта “ОшМУнун бүтүрүүчүлөрү” баракчасы иштей баштады

Image

Урматтуу ОшМУнун 2021-2022-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрү!
Бүгүнкү күндө адамдар социалдык тармактарды массалык түрдө колдонуп баштады, заман талабына ылайык биз дагы бүтүрүүчүлөрүбүзгө байланыштуу педагогикалык процесстин айрым бөлүктөрүн уюштурууда кошумча пайдаланалы деп чечип, ушул, “ОшМУнун бүтүрүүчүлөрү” фейсбук баракчасын ачтык.
Бул баракча бүтүрүүчүлөрүбүздүн башын бириктирген аянтча болуп калмакчы. Сиздерге зарыл керектүү маалыматтарды, нормативдик документтерди, теориялык-усулдук кеңештерди, көйгөйлүү суроолорго жоопторду ушул жерден алсаңыздар болот. 
Быйылкы окуу жылында бүтүрүүчүлөрүбүзгө приоритеттүү көңүл буруу максатында Сиздер үчүн атайын иш-чаралардын планын кабыл алдык. Анда бүтүрүүчүлөргө жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялык сынактар, мамлекеттик экзамендердин программалары менен камсыздоо, мамлекеттик аттестациялык сынактардагы академиялык чынчылдыкты камсыз кылуу, бүтүрүүчү квалификациялык иштерди жазууда студенттерге илимий-теориялык, усулдук жол көрсөтүү, квалификациялык иштерди, студенттик долбоорлорду коомчулуктун талкуусуна коюу, кесиптик-профилдик (педагогикалык), квалификациялык практикаларды сапаттуу уюштуруу, бүтүрүүчүлөрдүн билим берүү программалары, факультет, университет жөнүндө сунуштарын, сын-пикирлерин калтыруу ж.б.у.с. иш аракеттер каралган.  
Бүтүрүүчүлөрүбүздүн окууларына ийгилик каалайбыз!