Аккредитация жана билим берүүнүн сапаты департаменти семинар-тренингдерди өткөрдү

Башкы Жаңылыктар

Аккредитация жана билим берүүнүн сапаты департаменти семинар-тренингдерди өткөрдү

Image

ОшМУнун аккредитация жана билим берүүнүн сапаты департаменти жана “Агартуу академиясы” коомдук фонду окутуучулардын билимин өркүндөтүү максатында 7-12-февраль күндөрү семинар-тренинг өткөрдү.

 “Кесиптик билим берүүдө компетенттүүлүк мамилеге ылайык окуу-методикалык документтерди иштеп чыгуу жана технологияларды пайдалануу” аталышындагы 72 жана 36 сааттык семинар-тренингге 103 окутуучу катышып, сертификат алышты.

Окутуучулар семинарда аракеттеги мамлекеттик билим берүү стандарты  менен иштөө, компетенттүүлүк мамиледе окуу-методикалык документтерди, заманбап сабактардын иштелмелерин жана баалоо каражаттарынын фондун түзүү, окутууда  онлайн платформаларды колдонуу тууралуу билимге ээ болушту.

Фото галерея