Э.Байсалов ОшМУга иш сапары менен келди

Башкы Жаңылыктар

Э.Байсалов ОшМУга иш сапары менен келди

Image

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов 21-февралда ОшМУга иш сапары менен келди. Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, ОшМУнун ректору К.Кожобеков менен биргеликте окуу жайдагы жаңы курулган окуу корпусу менен таанышты.  
Сапардын алкагында  университеттин индустриалдык-педагогикалык колледжиндеги  алдыңкы тажрыйба борборунун  билим берүүдөгү тажрыйбалары тууралуу маалымат алды. ОшМУнун медициналык клиникасынын иш тажрыйбасы менен жеринен таанышты. 
Жалпысынан ОшМУнун санариптик билим берүү чөйрөсү жана ачык-айкындуулукту камсыздоо боюнча аткарылган иш-аракеттери,  академиялык мобилдүүлүк программалары боюнча маалыматтарды алды.

Фото галерея