Студенттер аскердик күжүрмөн техникалары менен таанышты

Башкы Жаңылыктар

Студенттер аскердик күжүрмөн техникалары менен таанышты

Image

23-февраль - Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата Ош шаарындагы 36806 аскер бөлүгү мектеп окуучулары үчүн ачык эшиктер күнүн өткөрдү. Иш-чарага ОшМУнун STEM инновациялык колледжинен жети,  эл аралык билим берүү программалары колледжинен үч тайпанын студенттери  катышты.

Анда студенттер жоокерлердин күнүмдүк турмушу,  аскердик күжүрмөн техникалары, аскер куралдары менен жеринде таанышты.

Ачык эшик күнүнө аскерге чейинки даярдык предметинин окутуучусу, подполковник  Жуманазар Самидинов жетектеп барды. Мындай иш-чаралар студенттердин мекенге болгон сүйүүсүн арттыруу, аскер турмушу менен тааныштыруу максатында уюштурулуп келет.

Фото галерея