ОшМУда бильярд боюнча биринчилик өттү

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда бильярд боюнча биринчилик өттү

Image

ОшМУнун кесиптик бирлиги 23-февраль Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата бильярд боюнча мелдеш өткөрдү.

Мелдешке университеттин ректору Кудайберди Кожобеков жетектеген мырзалар жамааты катышты.

Жыйынтыгында 45 жашка чейинки агайлар арасында 1-орунду медицина факультетинин улук окутуучусу Бекболот Аринбаев, 2-орунду чыгыш таануу жана тарых факультетинин окутуучусу Кубанычбек уулу Нурсултан, 3-орунду Кыргыз-кытай факультетинин окутуучусу Нурбек Шамшиев ээледи.

45 жаштан жогорку агайлар арасында 1-орунду  математика жана информациялык технологиялар факультетинин доценти Шермамат Оморов, 2-орунду медициналык колледждин окутуучусу Кубаныч Джапаров, 3-орунду медицина факультетинин окутуучусу Алмаз Боркуловдор жеңип алды.  Жеңүүчүлөр жана мыкты оюнчулар ОшМУнун кесиптик бирлиги тарабынан баалуу белектер, диплом, кубоктор менен сыйланышты. Мелдештин жалпы катышуучулары да кызыктыруучу сыйлыктарга ээ болушту.

Бильярд боюнча биринчилик жамаат ичинде ынтымакты чыңдоо, окутуучулардын көңүлдүү эс алуусун уюштуруу, спортту сүйүүгө үндөө, майрамдык маанай тартуулоо максатында уюштурулуп келет.

Фото галерея