Жамаат турак жай программалары боюнча маалымат алышты

Башкы Жаңылыктар

Жамаат турак жай программалары боюнча маалымат алышты

Image

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасы турак жай программалары боюнча ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамына маалыматтар берди.

Жыйында Ош шаарынын  мэриясынын муниципалдык  ипотекалык ишканасынын адистери А.Куштарбекова, Ө. Акбарали уулу жана Б.Андрей кызы ипотекалык программалар, анын шарттары, катышуучуларга коюлган талаптар боюнча айтып беришти.

Учурда Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасында 3 программа бар.  Алар Ош шаарынын мэриясынын ипотекалык программасы, үлүштүк курулуш программасы жана мамлекеттик ипотекалык компаниянын “Менин үйүм 2021-2026” турак – жай программасы.

 “Жакынкы күндөрү кесиптик бирлик тарабынан жамааттын ичинде сурамжылоо өткөрөбүз, ошол сурамжылоонун жыйынтыгы менен ипотекалык программаларга сунуштар берилет”,-деди ОшМУнун кесиптик бирлигинин төрагасы А.  Саттаров.