Ош шаарындагы мектеп жамааттарына ыраазычылык каттар тапшырылды

Башкы Жаңылыктар

Ош шаарындагы мектеп жамааттарына ыраазычылык каттар тапшырылды

Image

Жогорку окуу жайы менен мектептердин ортосундагы байланыштарды чыңдоо максатында ОшМУнун атынан окуу жайдын  педагогикалык практика бөлүмүнүн жетекчиси А. Батыралиев Ош шаарындагы № 2 К.Маркс гимназия-мектебинин, №18 А. Навои мектеп-гимназиясынын,  №27 XXIV Партсьезд атындагы орто мектебинин жамаатына ыраазычылык кат жана акчалай сыйлыктарын тапшырды.

Ыраазычылык кат мектеп жамаатына болочок мугалимдерди кесиптик жактан даярдоо процессинде студенттердин педагогикалык практикасын жогорку деңгээлде уюштургандыгы жана методикалык-практикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн  берилген.

 

Фото галерея