Фукая эл аралык тил институту менен алака түзүлөт

Башкы Жаңылыктар

Фукая эл аралык тил институту менен алака түзүлөт

Image

ОшМУнун юридика, тарых жана чыгыш таануу факультеттеринде жайгашкан "Достук, бирин-бири түшүнүү жана толеранттуулук" борборунда, Япониянын Фукая шаарынан келген, Фукая эл аралык тил институтунун директору Фужимура Казухиро  студенттер менен жолугушуу өткөрдү. 
Ал Япония өлкөсү,  жергиликтүү элдин жашоо турмушу, каада салты, экономика, билим берүү тармактары боюнча кенен мааалымат берди. Катышуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, мыкты баарлашуу болду.
Онлайнда Япониядан да  бир канча өкүлдөр катышты. Бул иш чаранын негизги максаты студенттерди япон тилин үйрөнүүсүнө  шарттарды түзүү, Японияда окуп эле келбестен, иштөө мүмкүнчүлүгүн түзүү болуп саналат. Бул ишти баштоону мойнуна алган, ОшМУда япон тили боюнча окутуучу, Япония жергесинде беш жылдан ашык жашап келген Арзыкул кызы Нурмира.

Фото галерея