“Үмүт ТВ” футболдук командасы жеңүүчү болду

Башкы Жаңылыктар

“Үмүт ТВ” футболдук командасы жеңүүчү болду

Image

26-27-февраль күндөрү Ош шаардык маданият башкармалыгы менен дене тарбия жана спорт комитети менен биргеликте  массалык маалымат каражаттарынын жана маданият кызматкерлеринин ортосунда спорттун кичи футбол, волейбол түрлөрү боюнча мелдеши өттү. 
Мелдеште футбол боюнча 18 команда катышып,  ОшМУнун “Үмүт ТВ” командасы I орунду багындырды. Мелдештин уюштуруучулары тарабынан ОшМУнун командасы кубок, диплом жана баалуу белектер менен сыйланышты.Экинчи орунду "Илим билим" каналынын командасы, үчүнчү орунду "TMG" каналынын командасы ээледи.
Команданы жеңиши менен куттуктап, алдыда дагы ийгиликтерди  каалайбыз!

Фото галерея