ОшМУда эне тил күнү белгиленди

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда эне тил күнү белгиленди

Image

ОшМУда Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын  катышуусунда  Эл аралык эне тил күнүнө арналган  “Көп тилдүүлүк, көп маданияттуулук – өнүгүүнүн жана достуктун  символу” аттуу иш-чара өттү.

 Ага Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков, Кыргызстан элдер ассамблеясынын Ош шаарындагы филиалынын төрагасы Балтагул Нурумбетов, Оштогу ар улуттун өкүлдөрү, ЖОЖдордун ректорлору, профессордук-окутуучулук жамааты, студенттер катышты.

Майрамдык кечеде Ош мамлекеттик университети, Ош мамлекеттик педагогикалык университети, Ош технологиялык  университети, Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети жана  Ош мамлекеттик юридикалык институтунун таланттуу студенттери  кыргыз, орус, англис, немец, япон, индия, пакистан, түрк, араб, өзбек элдеринин улуттук каада-салт, улуттук бий, улуттук ырларын даңазалашты. 

Кыргызстан элдер ассамблеясынын Оштогу бөлүмү тарабынан Ош шаарындагы диаспора өкүлдөрүнүн улуттук көргөзмөлөрү коюлду.

Жыйынтыгында активдүү катышуучуларга номинациялар боюнча  Ош шаарынын мэриясынын дипломдору, баалуу белектер жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

1999-жылдын 17-ноябрында ЮНЕСКОнун Башкы конференциясы тарабынан жарыяланган Эл аралык эне тил күнү 2000-жылдан бери тилдик жана маданий көп түрдүүлүктү жана көп тилдүүлүктү өнүктүрүү максатында жыл сайын белгиленип келет.

Фото галерея