Ардагер айымдарга сый көрсөтүлдү

Башкы Жаңылыктар

Ардагер айымдарга сый көрсөтүлдү

Image

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков окуу жайда көп жылдан бери үзүрлүү эмгектенип, өмүрүн, тажрыйбасын университетке арнап келе жаткан ардагер эжекелерди куттуктады.

"Сиздер бар үчүн окуу-жайыбызды кут-береке, жакшылык, ырыскы-ынтымак ыроолоп турат. Жалпыңыздарды Аялзаттын-Энелердин күнү менен чын дилимден куттуктаймын”, -деди ректор куттуктоо сөзүндө.

Ар бир эжекенин билим берүүдө, жаштарды тарбиялоодо, университеттин өнүгүүсүнө кошкон салымдарын айтып, өзүнүн майрамдык белегин тартуулады. Арадагер эжекелер ыраазычылык сөздүрөн айтып, окуу жайда өсүп-өнүгүү болуусун тилек кылышты.

Мындай майрамдык кече жыл сайын жетекчилик тарабынан уюштурулуп келет.

Фото галерея