Декандык кызмат орунга шайлоо болду

Башкы Жаңылыктар

Декандык кызмат орунга шайлоо болду

Image

Декандык кызмат орунга шайлоо өттү
“Ош мамлекеттик университетинде факультеттин деканын шайлоо” жөнүндө жобого ылайык ОшМУнун табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинде 4-мартта деканык шайлоо өттү. Декандык шайлоого эки талапкер катышты. Алар г.и.д., профессор  Абдурашит Низамиев жана ботаника, жалпы биологиялык дисциплиналар жана БОУ кафедрасынын доценти, б.и.к, доцент Жоомарт Молдалиев болушту.
Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында жамааттын көпчүлүк добушун алган  г.и.д., профессор  Низамиев Абдурашит Гумарович  5 жылдык мөөнөт менен  декандык кызматка шайланды.
Шайлоону уюштуруу комитетинин төрагасы, ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Замирбек Божонов декандык кызматка шайланган профессор  Абдурашит Низамиевге ийгилик каалап, аксакалдар ак батасын беришти.

Фото галерея