ОшМУнун окутуучу айымдары жана студенттери жеңишке жетти

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун окутуучу айымдары жана студенттери жеңишке жетти

Image

Ош шаардык мэриясы 8-март - Аялдардын эл аралык күнүнө карата айымдар арасында волейбол боюнча мелдеш өткөрдү. 
Турнирге шаардык мекеме, ишканалардан, уюмдардан, жогорку жана орто атайын окуу жайлардын окутуучуларынан, студенттерден куралган 30 команда катышты. 
Мелдештердин жыйынтыгында ОшМУнун окутуучу айымдарынан жана  студент кыздарынан куралган командалары I орунду ээлеп Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин дипломдору, медалдары жана баалуу белектери менен сыйланышты. 
ОшМУнун айымдарынан куралган окутуучулар жана студенттер командаларын жеңиши менен жалпы жамааттын атынан куттуктайбыз!

Фото галерея