ОшМУда кино тартуу боюнча мастер-класстар өтүлүп жатат

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда кино тартуу боюнча мастер-класстар өтүлүп жатат

Image

ОшМУнун Киноакадемиясынын студенттери үчүн атайын кино тартуу боюнча 1 жумалык мастер-класс өтүп жатат. Аны кино тармагынын кесипкөй адистери  Кыргыз эл артисти, белгилүү актер  Мурат Мамбетов, КМШ өлкөлөрүнө таанымал экшн-оператор Адилет Акматов, сценарист Найзабек Сыдыков, кинооператор Канат Асанакунов жана каскадёр Эрнист Туленов өтүп жатат. 
Студенттердин катышуусунда сценарий жазуу, актердук чеберчилик, режиссердук жана оператордук иш жүзүндө көрсөтүлүп жатат. Мастер-класттын жыйынтыгында студенттер 4 кыска метраждуу кино тартып, көрүүчүлөргө сунушташат.
Кыска метраждуу, сапаттуу  кино тартуу боюнча уюштурулган мастер-класс ректор Кудайберди Кожобековдун демилгеси менен ишке ашууда. 
Буга чейин  Киноакадемиянын студенттери окутуучулары менен биргеликте 2 кыска метраждуу кино тартып, 4 спектакл даярдап сахнага алып чыккан. Бир нече сынактарга катышып байгелүү орундарды алып келүүдө.

Фото галерея