20 студент Өзбекстан улуттук университетинде билим алып келет

Башкы Жаңылыктар

20 студент Өзбекстан улуттук университетинде билим алып келет

Image

ОшМУнун 20 студенти Ташкент шаарындагы Мирзо Улугбек атындагы Өзбекстан улуттук университетине  1 айлык мөөнөттө окууга жөнөп жатат. Студенттерди окуу жайдын эл аралык байланыштар департаментинин директору А. Абдувалиев кабыл алды.

Жолугушууда Абдыганы Абдувалиев студенттердин окууларына ийгилик каалап, активдүү болуп, билим, тажрыйба топтоп келүүгө, ОшМУ тууралуу позитивдүү пикир калтырууга чакырып,  суроолоруна жооп берди. Студенттер 1-марттан 1-апрелге чейинки аралыкта билим алышат.

Мирзо Улугбек атындагы Өзбекстан улуттук университети менен ОшМУ  студенттик алмашуу багытында тыгыз кызматташып келет. Ушул жылдын I семестинде да ОшМУнун  20 студенти окуп келген, 10-апрелден дагы 20 студент жиберилгени турат.