Алгачкы медициналык жардам көрсөтүү боюнча тренинг өткөрүлдү

Башкы Жаңылыктар

Алгачкы медициналык жардам көрсөтүү боюнча тренинг өткөрүлдү

Image

Университеттин “Экстремалдык медицина жана өмүр коопсуздугу” кафедрасынын окутуучулары менен кафедра башчысы Чыңгыз Мамажакып уулунун жетекчилиги астында ОшМУнун Кара-Суу мектеп гимназиясынын  мугалимдерине жана окуучуларына Ноокат шааарындагы  “Алымбек” унаа мектебинин  окуучуларына жол-транспорт кырсыгына кабылгандарга алгачкы медициналык жардам көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрү боюнча семинар-тренинг өткөрүштү.
Иш-чара кафедрада бекитилген  “Жол-транспорт кырсыгына кабылгандарга алгачкы медициналык жардам көрсөтүүнүн актуалдуу көйгөйлөрү  Ош областынын мисалында” аттуу илимий долбоорунун алкагында болду.
Чыңгыз Мамажакып уулу бул маселенин  актуалдуулугун белгилеп, бүгүнкү күндө айдоочулар дагы  биринчи медициналык жардам көрсөтүнүн ыкмаларын билүүсү зарыл экендигине токтолду. 
Ал эми кафедранын окутуучусу Н.Эрмекбаев семинардын теориялык жана практикалык бөлүмдөрүн жогорку чеберчиликте көрсөтүп, түшүндүрүп берди.
Кайтарым байланышты бекемдөө максатында семинардын аягында угуучулар  үчүн анкетирлөө жана тестирлөө жүргүзүлдү.

Фото галерея