ОшМУда Санариптик көндүмдөр борбору ачылды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда Санариптик көндүмдөр борбору ачылды

Image

Борбор университеттин математика жана информациялык технологиялар факультетинин базасында ачылды. Бул каана иш-чараларды гибриддик Digi-Caravan форматында өткөрүүгө, санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүүгө жана санариптик борборлордун иш аракетин  алдыга жылдырууга багытталган. 
Кыргызстандын аймактары жана башка өлкөлөр менен өз ара аракеттенүүгө, алардын учурдагы ийгиликтүү тажрыйбалар тууралуу түшүнүгүн кеңейтүүгө, элеттик аялдарды, жаштарды жана студенттерди өздөрүнүн санариптик демилгелерин жана стартаптарын иштеп чыгуу жана ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзөт. 
Борбор  жаштардын, аялдардын, аялуу топтордун, студенттердин, негизинен пилоттук жамааттардын потенциалын жогорулатууну жана санариптик көндүмдөрдү калыптандырууну камсыз кылган көп функционалдуу мейкиндикти камсыздайт. 
Санариптик көндүмдөр борбору Евробиримдик тарабынан каржыланган “Санариптештирүү аркылуу айыл жамааттары үчүн ачык келечекти куруу” DigiKonush долбоорунун алкагында ишке ашты.
Максаты элеттик аялдардын жана жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн санариптик технологияларды колдонууга көмөктөшүү.

Фото галерея