Нооруз шаңы ОшМУда

Башкы Жаңылыктар

Нооруз шаңы ОшМУда

Image

         Ош мамлекеттик университетинин бардык факультет, колледж, лицейлеринде Нооруз майрамына арналган  кечелер өтүп жатат.  Окутуучулар жана студенттердин катышуусунда өтүп жаткан майрамдык  иш-чараларда концерттик прогаммалар тартууланып, улуттук спорттук оюндар ордо, күрөш, аркан тартыш сыяктуу мелдештер уюштурулууда. Улуттук тамак-аштар бышырылып, нооруздун негизги тамагы болгон сүмөлөк кайнатылып, жаңырган жыл ийгиликтерге бай, жакшылыктын, токчулуктун, молчулуктун жылы болсун деген тилектер айтылууда.

Фото галерея