ОшМУ Ноорузду өзгөчө тосту

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ Ноорузду өзгөчө тосту

Image

Медицина факультетиндеги Нооруз майрамына карата уюштурулган майрамдык салтанатка ректор Кудайберди Кожобеков баштаган жамаат, факультеттин окутуучулук-профессордук курамы жана студенттер катышты.
Майрамдык салтанатта улуттук досторкон даярдалып, элдик ырлар бийлер, каада салттар орун алды. Ошондой эле улуттук оюндар ойнотулуп, сүмөлөк кайнатылды.
Окуу жайдын бардык факультет, колледж, лицейлеринде Нооруз майрамына арналган  кечелер өтүп жатат.  
"Нооруз" - байыркы фарс тилинин "науризи" деген сөзүнөн алынып, кыргыз тилинде "нау" – “жаңы”, "рузи" – “күн” деген маанини билдирет. "Нооруз" - "жыл башы", "жаңы жылдын башы" майрамы. Ноорузда сүмөлөк жасалып, дасторкон жайылып, конок тосулат.

Фото галерея