Университеттин кызматкерлери акысыз курстардан өтүштү

Башкы Жаңылыктар

Университеттин кызматкерлери акысыз курстардан өтүштү

Image

ОшМУда эмгектенген окутуучулардын иш-көндүмдөрүн жогорулатуу, алардын кесипкөйлүгүн арттыруу максатында окуу жайдын «Адис» окуу борбору тарабынан «Психология жана педагогика», «Кеңсе жабдыктарын техникалык жактан тейлөө» боюнча акысыз окуу курстары уюштурулду. 
1 айга созулган окуутуунун жүрүшүндө теориялык жана практикалык сабактар уюштурулуп, окутуунун жаңы ыкмалары колдонулду.Окуу курстарына 40тан ашуун окутуучу катышты.
“Адис” окуу борбору КР эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин райондук башкармалыктары  жумушсуз жарандарды курстарга  окутуу үчун жарыяланган тендерге катышып, биргеликте курстарды уюштуруп окутуп келет. Ошондой эле коомдук фондтор менен да курстары окутуу иштерин жүргүзүп келет. Борбордо 15тен ашуун адистиктер окутулат.

Фото галерея