Борбордук Азия колледжинин жамааты ОшМУга келди

Башкы Жаңылыктар

Борбордук Азия колледжинин жамааты ОшМУга келди

Image

Майлуу-Суу шаарындагы Борбордук Азия колледжинин директору Алимбек Агабеков баштаган 5 окутуучу, укук таануу жана экономика адистигинде билим алган 60 студент  24-мартта ОшМУга келишти.

Колледждер арасындагы мобилдүүлүк боюнча түзүлгөн келишимдердин алкагында келген коноктор ОшМУнун башкы имаратында болушуп, окуу жайдын музейи, Маркетинг коммуникация жана коомчулук менен байланыш борборунун окуу лабораториясы менен таанышты. Ошондой эле финансы-юидикалык колледжинде Борбордук Азия колледжинин окутуучулары ОшМУнун студенттерине, ОшМУнун финансы-юридикалык колледжинин окутуучулары конок студенттерге сабак өтүштү.

Иш-чара эки окуу жайдын ортосундагы кызматташтыктарды бекемдөө, окутуучулар, студенттердин  мобилдүүлүгүн арттыруу, тажрыйба алмашуу максатында уюштурулду.

Фото галерея