Жеңиш Мойдуновдун 60 жылдык маарекеси белгиленди

Башкы Жаңылыктар

Жеңиш Мойдуновдун 60 жылдык маарекеси белгиленди

Image

ОшМУда Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнүн отличниги жана маданияттын мыкты кызматкери Жеңиш Мойдуновдун 60 жылдык маарекесине арналган  чыгармачылык кече өттү.

Кечеге ОшМУнун, ОГПУнун  жамааты, студенттер, шакирттери, жакын санаалаштары катышты. Келген конокторго концерттик программа тартууланып, анда маараке ээсинин катышуусунда “Жаштык” эстрадалык тобунун, “Мырзалар” элдик тобунун, “Кыздар аспаптык” тобунун аткаруусундагы чыгармалар тартууланды.

Ж. Мойдунов билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенүү менен катар 2002-жылдан баштап окутуучулар курамынан түзүлгөн “Мырзалар” вокалдык тобун негиздөөчүлөрүнүн бири катары ийгиликтерди жаратып келет.  2012-жылы жаш окутуучулардан жана студенттерден түзүлгөн “Жаштык” эстрада-вокалдык инструменталдык ансамблин негиздеген.

“Өчпөгөн жылдыз”, “Сүйүү гүлү” жана А.Урбаевдин сөзүнө жазылган “Кыргызстан” чыгармаларына обон жаратып, Ж.Алибаевге таандык “Ош шаары”, “Кыргызстан”, А.Огомбаевге таандык “Эсимде” чыгармаларын хордо ырдоо үчүн иштеп чыккан.  “Өчпөгөн жылдыз”, “Сүйүү гүлү”, “Оо, кыздар” чыгармаларына Кыргыз патентинен автордук укук күбөлүгүн алган.

 

Фото галерея